Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев “Кыргыз үйү” деген улуттук-маданий борбор ачууну пландап жатарын билдирди.
“Германия, Россия ж.б өлкөлөрдө төрөлүп чоңойгон кыргыздар кыргыз болушабы, же немец, орус болуп калышабы? Кийин алар Кыргызстанга келишеби, келишпейби?” деген суроону мага көп беришет.
60-жылдардан баштап, Германияга түрктөр да көп келе башташкан. Алардын 60 жылдык тарыхын иликтеп көргөндө, төмөнкүдөй статистика байкалган:
Германияга келген түрктөрдүн 37.7 % ти 10 жылдан кийин Түркияга кайтып кетишкен. Кийинки 15 жылда дагы 20 % ти андан аркы 15 жылдан кийин дагы 20% ти тарыхый мекенине кайтышкан.
Түрктөрдүн Германияда ондогон улуттук борборлору, уюмдары, мечиттери бар. Алар өз динин, өз маданиятын түрктөр арасында таратып, жайылтып, алар менен Түркиянын ортосундагы байланышты бекемдеп турушат экен. Германияда турктор турк экенин унутушпаптыр.
Ушул тажрыйбаларды эске алып, Элчилик “Кыргыз үйү” деген улуттук-маданий борбор ачсак деп пландап жатабыз. Ал борбордун негизги максаты – Германияда жашап, окуп, иштеп жүрүшкөн кыргыздарды, бул жерде төрөлүп чоңойгон алардын балдарын улуттук иденттүүлүккө тартып, аларды кыргыз кылып тарбиялап, Кыргызстан менен байланышын тыгыз камсыз кылып жана Германиядагы кыргыздардын биримдигин , ынтымыгын бекемдеп, кыргыз маданиятын, кыргыз тарыхын аларга таратуу.
Андыктан, бул жолугушуу биз үчүн символикалык маанилүү болду.
Базар-Коргондун Кызыл-Ай айылынан Буажар деген эжеке Германиядагы неберелерин сагынып, аларды көрүп кетейин деп келиптир. Жөн эле көрүп кетпестен, аларга туугандардан, Ата Мекенден чоң салам алып келип, кыргыздар, алардын тарыхы, маданияты, Кыргызстан деген мамлекети жөнүндө айтып берип, аларды тууганчыл, мекенчил кылып тарбиялайын деген жакшы ниетте келиптир. Өз неберелери менен гана чектелбестен, Элчиликтен, Германиядагы кыргыз кыздарды жыйнап, кыргыз улуттук маданияттын айрылгыс бөлүгү болго улуттук кийимдер, анын ичинде элечек жөнүндө айтып берейин, аны кантип ороп, кантип кийип, кантип алып жүруш керек экенин көргөзүп берейин деп келиптир. Германиядагы кыргыз кыздары бул жолугушууга кубануу менен катышышты. Менимче, аларга абдан кызык да, таасирдүү да болду деп ойлойм.
Мындай жолугушуулар мындан ары да байма-бай өтүп турса, бүгүнкү санариптик-коммуникациялык технологиялар алысты жакын кылып турган доордо , Германияда болсо да, кыргыз балдары туугандары, мекендештери менен байланышып, кыргыз болуп чоңоюшса болот деп ойлойм”, – деди Текебаев.