Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин актоо өкүмүн жокко чыгарууну талап кылууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов тастыктады.
Маалыматка ылайык, жокко чыгаруу талабы бүгүн, 6-декабрда Жогорку сотко жөнөтүлдү. Көзөмөл органы жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу актоо өкүмүн жокко чыгаруу боюнча арыз берген.
Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы добуш берген депутаттардын арасында Эмил Жамгырчиев да бар.
2020-жылы Эмил Жамгырчиев менен Бактыбек Калмуратов аткезчилик боюнча козголгон кылмыш ишти оң чечкени үчүн ишкерден пара алган деп айыпталган. 2021-жылдын февраль айында мамлекетке 20 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын орду толтурулган. Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соту эки соттолуучуну тең кылмыштын курамы жок деп актаган.