Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, Токторбаев күбө катары суракка чакырылды.
Эскерте кетсек, Токторбаев бүгүн, 30-ноябрда парламенттин жыйынында прокуратурада коррупция күч алганын билдирген. Анын айтымында, тергөө прокуратурага кошулгандан кийин алар “монстрга” айланды.