29-ноябрда Оштун мэри кызматынан алынган Алмаз Мамбетов журналисттерге маек берди. Анда ал кызматтан кетиши «президенттин чечими» болгонун айтып, ага «эч нерсе дей албайм» деп билдирди.
«Бул ушул президенттин чечими болду. Жаңы жетекчи дайындалды. Эми өзүмдү айта кетсем, жакын арада президент тарабынан башка кызматка дагы сунуш берилет го деп ойлойм», — деди ал.
Мамбетов Оштун калаа башчысы катары келе жаткан жылга «пландары болгонун» айтып, «аны жаңы мэр ишке ашырат деген үмүттө экенин» кошумчалады.
«Айткан нерселердин баарын баштап бердик. Аткарылбай калды деп айта албайм. Эмки жылга биздин чоң пландарыбыз бар эле, Масалиев көчөсүн оңдоо, андан сырткары ленин көчөсүнүн уландысы бул тешик таш базардан нары, аларды эмки жылкы бюджетке киргизели деген ой бар болчу эми. Жаңы жетекчи ишти улантат деп ойлойм», — деди ал.