Бишкектеги жол кырсыгында жабыркагандардын бири ооруканада

Бишкекте жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Клиникалык тез жардам ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнүн бөлүм башчысы Талант Сарымсаков билдирди.

«Ооруканага 2 жаран кайрылган. Н.А. аттуу айымдын баш мээси чайкалган, учурда бизде дарыланууда. Ал эми Ш.А. аттуу мырза үйүнө жөнөтүлгөн»,-деди ал.

Эске салсак, 28-ноябрь болжол менен саат 14:00дө Киев-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, жеңил автоунаанын айдоочусу № 129 маршрутканы сүзүп алган.
Кырсыктан маршрутканын төрт жүргүнчүсү жабыркаганы кабарланган. Эки унаа тең айып короо жайына киргизилип, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.