УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди кармап кетип, кайра кое берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Сурабалдиева билдиргендей, ал кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Жол» өткөрмө бекетине барганда кармалган. Эмил Жамгырчиев менен депутат Чыңгыз Айдарбеков тажыяга бара жаткан. Бекеттен өтүп жатканда Жамгырчиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы белгилүү болгон.
«Аны УКМК кармап кетип, биз чогулгандан кийин кое беришти, ал эми Чыңгыз Айдарбековдун дайыны жок. Кечээтен бери байланышка чыкпай жатат», — деп жазды ал.
Азырынча депутаттын эмне себептен кармалганы белгилүү боло элек.