Эки депутат мушташып кете жаздады

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңеште Кыргыз-өзбек чек арасын ратификациялоо маселеси каралып жатат.

Жыйында депутат Өмүрбек Бакиров сөз сүйлөп, буга чейинки анча-мынча кемчилик кеткен келишимге кимдер кол койгонуна кызыкты.

Мындай суроо УКМКнын төрагасы Ташиевге жакпай, «сиз буга чейин дагы сурагансыз. Кагаз жүзүндө кайрылыңыз деген элем. Кайрылган жоксуз», — деди.

Бакиров өз кезегинде депутат экенин эске салып, жеке маселеси менен кайрылбаганын айтып, жооп берди.

Ал арада депутаттар арасында мушташуу орун ала жаздады. Эл өкүлдөрү Өмүрбек Бакиров менен Фархад Исмаиловду мушташуудан арачалап калды.