Руслан Казакбаев жаңы кызматка дайындалды

Мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды.

Руслан Казакбаев 1967-жылы 18-майда Талас облусунун Бейшеке айылында туулган.

Билими жогору. 1991-жылы Фрунзенин политехникалык институтун, 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангга ээ.

Эмгек жолу:

  • 1992-1994 –КР Илимдер академиясы
  • 1995-1996 – КР ТИМдин консулдук башкармалыгынын үчүнчү катчысы, экинчи катчысы
  • 1996-1999 – Стамбул шаарындагы КРдин Башкы консулчулугунун вице-консулу
  • 1999-2005 — КР ТИМдин консулдук кызматынын кеңешчиси, бөлүм башчысы, Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, жетекчиси
  • 2005-2008 — Стамбул шаарында КРдин башкы консулу.
  • 2008-2009 — КРдин тышкы иштер министринин биринчи орун басары
  • апрель, 2010 – сентябрь, 2012 — КРдин тышкы иштер министри
  • октябрь, 2015 — «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутат болуп шайланган.
  • 2021-жылы Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалып, кийин кызматынан бошотулган.