Рита Карасартова камакта калтырылды 

Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаардык сотунда укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасы каралды.

“Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген айып менен кармалган Карасартова 20-декабрга чейин камакта калтырылды.

Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камакка алынган.