Министрлер кабинетинин демилгесинен улам өсүмдүк майы кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда министрлер кабинетинин демилгесинен улам өсүмдүк майы кымбатташы мүмкүн.

Бийлик токтом долбоору менен импорттолгон учурда кошумча нарк салыгынын нөлдүк ставкасын алып салууну сунуштап жатат. Бул коюм 20-марттан 31-декабрга чейин каралган.

Экономика министрлигинен мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү түшүп кеткендиктен аталган салыкты кайра салууну чечкендигин айтышты. Бийлик эгерде 12 пайыздык кошумча нарк салыгы кайтарылса, андан 117 миллион сом түшөрү күтүлүп жаткандыгын белгилеген.

Расмий маалыматтарга караганда, 2021-жылы бюджеттен 2,3 миллиард сом азайып кеткен.