Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу жумушчу сапарынын алкагында кечээ, 8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө байланыштуу «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков жана ИИМдин кызматтарынын жетекчилери катышты.
Иш-чаранын катышуучулары 1916-жылдагы Үркүндө курман болгондордун, саясий репрессиянын курмандыктарынын эстелик мемориалына, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюшту.