Сузактын тургунун сабап, тоногондордун бири кармалды

Тоноого жана опузалап талап кылууга шектелген жаран Бишкек шаарында кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин “тоноо” жана “опузалап талап кылуу” беренелери менен козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан  кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

2022-жылдын 22-октябрь күнү Сузак районунун аймагында жергиликтүү тургунду бейтаныш адамдар жолугушууга чакырышкан. Жолдун жээгиндеги кафелердин биринде жабырлануучуну күч менен унаага салып, адамдар жок жерге алып барышкан. Андан соң аны сабашып, акчасын тартып алышкан. Коркутуу жолу менен дагы 7000 АКШ долларын  талап кылышкан.

Бул факты боюнча иликтөө иштери башталган. Ыкчам иш-чараларды ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан  кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери   жүргүзүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча жогорудагы кылмыш ишине карыздарды күч менен өндүрүп берүү жана опузалап талап кылуу менен алектенишкен мурда соттолгондордун, спортчулардын тиешеси бардыгы аныкталды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында бул кылмыш ишине тиешеси бар Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну 1998-жылы туулган С.уулу Ш. Бишкек шаарынын аймагынан кармалды. Ал мурда соттолгон.

Азыркы учурда тоноо жана опузалап талап кылуу фактысы боюнча  ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

xa8908407 9135 49b5 81ba 9fbd96c95e24.jpg.pagespeed.ic .BzMDziDbOB Сузактын тургунун сабап, тоногондордун бири кармалды