Шаардык соттун алдына жапырт камалгандардын туугандары чогулду

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунун алдына «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган жарандык активист менен саясатчылардын жакындары чогулду.

Алар соттордон адилеттүү чечим чыгарышын талап кылууда.

Бүгүн ошондой эле шаардык сотто Таластын мурдагы губернатору Айбек Бусурманкулов, Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулованын баш коргоо чарасы каралары күтүлүүдө.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.