
Бишкек шаарында адам уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 21-октябрында саат 21:00дөр чамасында калаанын 6-кичи районунан физикалык күч колдонуп, никеге туруу максатында эркине каршы ала качып кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү айтылган.
Бул факты Октябрь РИИБге каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (Нике куруу максатында адамды ала качуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
«Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Октябрь РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1995-жылы туулган Б.Э. жана А.М. аттуу жарандар кармалган. Алар тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүүлөр ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Октябрь райондук соту тарабынан шектүүлөргө карата баш коргоо чарасы камакка алынып, Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына эки айга камакка алынды»,-деп айтылат маалыматта.