Ар ким өз маданиятына жараша комментарий берет. Тышкы саясатка тиешеси бар адамдар ички саясат менен түздөн-түз алектене албайт, деп билдирди депутат Чыңгыз Айдарбеков журналисттерге.
Буга чейин депутат Жеңишбек Токторбаев айрым депутаттар маалыматты бурмалап жатканын айткан. “Кезинде кесиптешибиз Сооронбайдын этегине намаз окуп, ага эмес, күчүгүнө «сиз» деп кайрылып, иниси Асылбекке пальто кийгизип жүргөн. Анда биздин кесиптешибиз тышкы иштер министри болгон”, – деген.
«Мындай табиятты түшүнбөгөндөрдүн деңгээли ушундай. Ал эми айтып же айтпай койгонум документтерде белгиленген. Мен эч качан өзүмдү жарнама кылбайм. Өз кезегинде Тышкы иштер министрлиги жасаган анализге мен кол коюп, бардык документтерге жөнөткөм. Биз позициябызды, тигил же бул окуяга эл аралык коомчулук кандай мамиле кыларын талдоону бердик. Бул биздин кесиптик ишибиз. Ал бөлүктө мен өз милдетимди аткардым», – деди Айдарбеков.
«Популисттик билдирүүлөргө келсек, мен өмүр бою мамлекеттик ишмер болдум. Мен мамлекет үчүн иштегем, ошондуктан аткарылган иштердин маанилүүлүгүн жана жоопкерчилигин түшүнөм жана өз милдеттеримди дайыма аткарып келем. Мен дайыма фактыларга, документтерге таянып сүйлөйм. Көрүп-билгеним жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берет. Буга чейин да позициямды билдирип келгем», – деди Айдарбеков.
Чыңгыз Айдарбеков 2018-2020-жылдары тышкы иштер министри болуп иштеген. Ал кезде Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган.