
Токмок шаарында учак жеке аэродромго кулады. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Кырсык бүгүн, 20-октябрда болгондугу такталды. Айрым маалыматтарга караганда, учак машыгуу үчүн колдонулган.
Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Рулда авиациялык окуу жайдын курсанты болгон.