Токмок шаардык кеңешинин депутаты мас абалында бир эмес, эки адамды сүзгөн

Бул тууралуу Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы Вulak.kg редакциясына кабарлады.

Кечээ, 19-октябрда болжол менен саат 01:20 чамасында 1994 ж.т А.С.М “Тойота Лэнд Крузер” унаасы менен Токмок шаарынын Сарыбагышова көчөсүнүн түштүктөн түндүктү келе жатып жолдо турган жөө жүргүнчүлөр 1987-ж.т. С.М.А Чүй РИИБнүн кызматкерин жана 1993-ж.т А.И.Ж жаранды сүзүп алган.


Жөө жүргүнчүлөр Токмок шаарынын аймактык ооруканасына жаткызылган. Токмок ШИИБнүн тергөө амалдарынын жыйынтыгында “Тойота Лэнд Крузер” үлгүсүндөгү айдоочусу болуп 1990-жылы туулган Токмок шаардык кеңешинен депутаты А.З.С болуп аныкталган ал толугу менен күнөөсүн мойнуна алып Айдоочунун спирт ичимдигин аныктоо үчүн медициналык текшерүүдөн өткөзүлүп жыйынтыгында айдоочу мас абалында экени аныкталган.

Жабыркаган бир адам азыр комада экени айтылууда.