Сокулукта 23 жаштагы небере чоң энесин балта менен чаап өлтүргөн

Сокулук районунда 23 жаштагы бала чоң энесин балта менен чаап өлтүргөн. Окуя болгон учурда ал мас болгон. Бул тууралуу Kaktus.media сайты укук коргоо органдарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-октябрда милицияга Сокулуктагы үйлөрдүн биринен зомбулуктан каза болгон аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган дарекке барган милиция кызматкерлери үйдүн кожойкеси – 1952-жылы туулган аялдын жансыз денесин табышкан. Алгачкы экспертиза аны балта менен чаап өлтүргөнүн көрсөткөн.

Тергөөнүнү жүрүшүндө ал мас абалында алкоголдук ичимдик үчүн акча бербей койгондуктан чоң энесин балта менен чаап жибергенин мойнуна алган.

Тартип сакчылары өлтүрүлгөн аялдын небереси кармалып, учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалады.