
Чүйдө 14 жаштагы Улугай үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Бул тууралуу жакындары билдирди.
Маалыматка ылайык, 2008-жылы туулган Абдрасулова Улугай Медетбековна 5-октябрь күнү Аламүдүн районунун Ак-Жар жаңы конушунда жайгашкан үйдөн чыгып кеткен.
Белгилери: бою 155 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара жана узун.
Кийген кийими: башында жоолугу бар, ак түстөгү водолазка, кара түстөгү көйнөк, кара жынсы шым, «найк» спорттук бут кийим.
Маалыматы бар жарандар 0312 36-35-27 0504-77-22-77, 0550-34-33-63 номурларына кайрылса болот.