Нарын шаардык милициясы студенттерге экскурсия уюштуруп беришти

Бул тууралуу Булак. кж редакциясына Нарын ОИИБи билдирди.

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн Балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору Нарын шаарындагы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик универстетинин алдындагы педогогикалык колледжинин мугалимдери менен биргеликте 1- курстун студенттерине Нарын шаарындагы Борбордук Азия универстетинин кампусуна экскурсия уюштурушту.

WhatsApp Image 2022 10 11 at 09.03.00 1 Нарын шаардык милициясы студенттерге экскурсия уюштуруп беришти

Экскурсиянын жүрүшүндө студенттерди кылмыштуулуктан, ар кандай зордук-зомбулуктан алдын алуу максатында билимге умтулууга карата жакшы багыттар берилип жана ошондой өсүп келе жаткан муундун өзүн-өзү өнүктүрүү багытында мотивациялар болсун деп Борбордук Азия университетинин кызматкерлери студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришип баарлашууну жүргүзүлүп, университеттин ички окуу бөлмөлөрү менен таанышып чыгышты.

WhatsApp Image 2022 10 11 at 09.03.00 Нарын шаардык милициясы студенттерге экскурсия уюштуруп беришти

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы