Гималайдагы Манаслуну багындырган кыргыз альпинисттер өлкөгө кайтып келди

Гималайдагы Манаслу чокусун багындырган кыргызстандык альпинисттер өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан билдиришти.

Альпинисттерди салтанаттуу түрдө алардын жакындары, туугандары, коомчулуктун жана Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын өкүлдөрү тосуп алган.

Манаслу чокусуна чыккан экспедициянын курамына 5 адам кирген – Эдуард Кубатов, Андрей Ерохин, Асел Байбагышева, Илим Карыпбеков жана Азизбек Оморкулов.

Эскерте кетсек, 1-октябрда Кыргызстандын биринчи улуттук экспедициясы Гималайдагы бийиктиги 8 миң 156 метр болгон Манаслу чокусун багындырган. Алар чокуга Кыргызстандын туусун жана «Манас» эпосун көтөрүп чыгышкан.

311278289 5387243398057699 4972315141772081529 n Гималайдагы Манаслуну багындырган кыргыз альпинисттер өлкөгө кайтып келди