Путиндин Рахмонго сыйлыгы: Кыргыз ТИМинин маалымат катчысы комментарий берди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Чыңгыз Кустебаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго Россиянын III даражадагы «Ата Мекен алдындагы сиңирген эмгек үчүн» ордени менен сыйланышы боюнча комментарий берди.

«Сыйлык өз «ээсин» тапты… Эсибизде, былтыр Тажикстандын президентин Кыргызстанга жасалган апрелдеги куралдуу агрессиядан кийин «мамлекеттер арасында достук, өз ара түшүнүшүү жана кызамтташууну өкүнтүргөнү үчүн» сыйлашкан эле. Эми «аймактык туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздөө үчүн» Россиянын III даражадагы «Ата Мекен алдындагы сиңирген эмгек үчүн» ордени менен сыйланды.

Кызыгы, Тажиксттандын жетекчилигинин иш-аракеттери жылдан-жылга Борбор Азиянын элдеринин ортосундагы тынчтыкка жана ынтымакка доо кетирип жатканда, кайсы аймактык коопсуздук тууралуу сөз кылууга болот.

Кыргыз жеринде бейкүнөө адамдардын каны муздай электе, энелер азыркыга чейин өз балдарына көз жашын агызып жатканда, жай тургундар талкаланган үйлөрүнө кайтып жаткан учурда бул сыйлыктын берилишине негиздүү түрдө таң бересиң.

Маараке-мааракеси менен, бирок факт факт бойдон калат. Бул кадам биз кыргыз-тажик чек арасындагы көрүп жаткан жагдайга эч ылайык келбейт», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Россиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду III даражадагы «Ата Мекен алдында сиңирген эмгек үчүн» ордени менен сыйлаган.