Кыргызстанда сегиз айда 379 адам жол кырсыктан каза болду

Кыргызстанда акыркы сегиз айда жол кырсыктан 379 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылдын сегиз айында жол кырсыктан 552 адам, ал эми бир жылда 868 адам каза болгон.