Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
«КАНАЛ-НЕМАН» эл аралык баңгизаттарга каршы операциянын алкагында КР ИИМдин БМЖКККнын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгына М.Ш. аттуу жаран Ысык-Көл аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Аталган факт боюнча Жети-Өгүз РИИБ тарабынан КР КЖКнын 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жети-Өгүз райондорунун Барскоон айылында кызматкерлер тарабынан атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда 1988-ж.т. М.Ш. аттуу жарандын башкаруусундагы «Хонда СРВ» автоунаасы токтотулган.
Аталган унаада айдоочунун отургучунун алдында ичинде баңгизат каражаты салынган 60 ширеңке кутучасы табылып алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын кортундусуна ылайык, алынган зат салмагы 640 гр түзгөн “гашиш” баңгизат каражаты болгон.
Азыркы учурда кармалган адам Каракол шаарынын тергөө изоляторуна киргизилген.

ИИМдин Басма сөз кызматы