Бүгүн камактагы Руслан Бекназаровдун соту болот

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаардык сотунда Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаровдун соту болот. Бул тууралуу шардык соттон билдиришти.

Отурум саат 14:30га белгиленген. Анда Бекназаровдун баш коргоо чарасы каралат.

Бекназаров социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелүүдө. Ал 14-сентябрда суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган. Соттун чечими менен ал 12-октябрга чейин камалган.