Депутат Мирлан Самыйкожо бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөп жатып президентке, элге жана эл өкүлдөрүнө кайрылуу жасады.
“Мен бүгүнкү жана эртеңки боло турган учурларды эске салып, парламент жөнүндө оюмду айтып президентибиз менен элге кайрылып коюуну туура көрдүм.
Парламенттин үстүндө эл менен кудай гана турат. Азыркы турушубузда парламенттин кудайлары көбөйүп бара жатат, парламенттин төрүндө тайраңдап, өз билгендерин кылып, жоо жакадан алып турганда жоо менен эмес парламент менен кармашканга өтүп жатышат. Аны азыр дагы бир кесиптешибиз ачыктап, айтып берди.
Ансыз деле жал-куйругу кыркылган парламентти ого бетер басынтып жаман көрсөтүү аракетин кылышып, ар кандай сөздөрдү жалдап жаздырганга өтүштү”, — деп баштады өз кайрылуусун депутат.