
Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун 28 жаштагы тургуну милиция кызматкерлери болгонуна карастан жашы жете элек кыз менен турмуш курган.
«Окуя 2021-жылдын 20-декабрында болгон. Анда 27 жаштагы тургун 16 жаштагы кызга баш кошкон. Алардын никесин Акман айыл өкмөтүнүн имамы И.Р. окуган», — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча жашы жете элек кыздын ата-энесине жана нике окуган дин кызматкери И.Р.га карата Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (“Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу”) менен айыптары угузулган.
Мындан сырткары, аталган милиция кызматкери кызмат ордунан бошотулган.
Учурда, кылмыш иши кароо үчүн Сузак райондук сотуна жиберилген.