Кыргызстандын соцтармак колдонуучулары бир нече чакырымга созулган автотыгындын сүрөтүн бөлүшүп, Орусиядагы мобилизациядан качкандар Казакстан менен болгон чек аранын алдында деп жайгаштырууда.
Bulak.kg маалыматтын чын-төгүнүн текшерип көрдү.
Yandex image издөө кызматы менен бул сүрөттүн алгачкы булагын караганыбызда, анда Орусиядан качкан жарандар эмес, АКШнын Невада штатынын “Black Rock” чөлүндөгү жыл сайын өткөрүлүп турчу «Burning Man» – “Күйүп жаткан адам” фестивалына бара жаткандар экени аныкталды.
Аталган саамалык жыл сайын август айынын акыркы дүйшөмбүсүндө саат 00:01де башталып сегиз күнгө созулат. Анын акыркы күнү АКШдагы эмгек күнүнө дал келип, өлкөдө расмий майрам болуп саналат.
Фестивалдын аты айтып тургандай эле уюштуруучулар жабылыш аземде жыгачтан жасалган адамдын сөлөкөтүн өрттөшөт.
Бул саамалыкка АКШнын штаттарынан жүздөгөн катышуучулар өз унаалары менен катышып, эч бир жан болбогон бош чөлдө бир жума болушат.
Кыргызстан менен Орусиянын чек арасы
Ал эми Орусия менен Казакстандын чек араларынын алдындагы жолдор кандай болорун көрөлү:
Белгилей кетсек, Золотухин өзүнүн постунда сүрөт Орусия-Казакстан-Кыргызстан жолунда тартылган деп жазган. Бирок, Кыргызстан менен Орусия чектешпейт.
Жыйынтык: жалган. Орусиядагы мобилизациядан качкандар тууралуу сүрөт чынында АКШнын Невада штатынын “Black Rock” чөлүндөгү жыл сайын өткөрүлүп турчу «Burning Man» – “Күйүп жаткан адам” фестивалында тартылган.