Кыргызстан боюнча Баткенге гуманитардык чогултуу үчүн 162 пункт ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой Ош облусунда — 44, Жалал-Абадда– 12, Нарында – 6, Ысык-Көлдө – 69, Таласта – 17, Чүйдө – 12, Ош шаарында -1, Бишкекте 1 пункт ачылган.
«Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 177 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Андан сырткары Бишкек шаарынан 160 тонна гуманитардык жардам 8 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп Баткен облусуна жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Тажикстандын баскынчылыгынын айынан Баткенде 136 миң 770 жаран үйүн таштап, коопсуз жайга эвакуация болууга аргасыз болду. Андан тышкары Ош облусунда Жекенди айыл аймагынан 5 миң 301 жаран коопсуз жайларга көчүрүлгөн.
Расмий маалыматтар боюнча куралдуу кагылыштын айынан каза болгондордун саны 37ге жетти. Ал эми жараат алгандар 129 кишини түзөт.