
Бүгүн, 16-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу башталды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, саат 06:00до тажик тарап Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергесиндеги кыргызстандык чек арачыларга ок чыгара баштаган. Саат 06:30да «Көк-Таш» чек ара тозоту жооптуу болгон тилкени миномет менен аткылоого өткөн.
Ошондой эле саат 07:10дордо Паскы-Арык жергесиндеги «Самаркандек» чек ара тозотун аткылоо башталган.
Саат 07:00го карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалган деп бааланууда.
Учурда кыргызстандык чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө. Абалды турукташтыруу жана чырдын мындан ары курчуп кетпешине бардык аракеттер көрүлүүдө.
Эскерте кетсек, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуулар болуп, Чек ара кызматы ок атышууну Тажикстан тарап баштаганын билдирген. Анын айынан эки чек ара кызматкери, үч жай тургун жарадар болгон.