Фактчек: Кыргызcтан «Байрактарды» колдонгону тууралуу маалымат жалган 

Социалдык тармактарда кыргыздар «Байрактар» сокку уруучу учкучсуз учактарын тажиктерге карата колдонуп атканы тууралуу видео тарады. Тасмада унаалардын артында жардыруу болгонун көрсө болот.  

Q2szmr2w6rsfebxk5wetclhwqyytrhenbukskimaajdajywgbaolpburwhsxtpndipnbbf050rx626pe9ozasmtcgbdoyr449ea9zdwom vxpdt2e5thah3l0v2colwvcl0i4zhv6cej3yp7o111thgjz so9cr y 0qfmjs92aspk f1kbmuqekaq фактчек: кыргызcтан «байрактарды» колдонгону тууралуу маалымат жалган 

Кумар Кубатов аттуу колдонуучунун посту Facebook социалдык тармагында 236 жолу бөлүшүлгөн.

Bulak.kg бул маалыматты текшерип көрдү. 

Видео n_rajabov аттуу TikTok колдонуучусуна таандык экенин көрүүгө болот. Анын аккаунтагы тасманы дагы колдонуучулар бүгүнкү чек ара жаңжалына байланыштырып, кызуу талкууга алган.

Ал эми TikTok социалдык тармагы видео 9-сентябрда тартылганынан кабар берет. 

6cjuy30m pplmpml6mrtmulx1qffvyc7twaboxfh8ymlne n6mpqgv8wuoyhxrs2bogblmbiqv gr94nt2j9shw 5tk9zjlzwf фактчек: кыргызcтан «байрактарды» колдонгону тууралуу маалымат жалган 

Издөө системаларынын жардамы менен дал ушул күнү Душанбе-Чанак трассасынын 46-чакырымында газ ташыган унаанын тормозу иштебей калгандыктан, автокырсыкка кабылып, жыйынтыгында жарылып кеткени белгилүү болду

Бул кырсыктан улам 3 адам каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилген.

Wwmjf4 cwdv8gvotnwgkreld8eg d5u5n9zwrpuybq0ysafqc96j5nt9bzqkrd8 303a9ebi u8kis ifjbbyqseyf377gij137yy749jkk73o42c7klig08ianhdxsrdoc7ytw2wb tkfw5kmqnei7smtxyh cwwn2u8 o2jb faul9ryruzo849g фактчек: кыргызcтан «байрактарды» колдонгону тууралуу маалымат жалган 
Vv7fag6hdbq yaube6c5fghysunn nnyojgxsd20zhaipzsnlha6 2s2ldgq2zg a4fdzevnchr5xrkam7wqvdscvmhzf1dxrpkfp9rqte6e4d3r3h7j9bh 98 uuthsjt5dgs jr2xxmqbem2qei1tr4lkd 2fhbwehsikr5vdcwgfwrx v df4q фактчек: кыргызcтан «байрактарды» колдонгону тууралуу маалымат жалган 

Эки тасмада тең аба ырайы бирдей жана адамдардын жеңил кийингени түспөлдөш экенин байкаса болот. 

Жыйынтык: фейк. «Байрактар» сокку уруучу учкучсуз учактарын тажиктерге карата колдонулуп аткандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.