Мен үч окууда тең “фейк” тууралуу мыйзамга каршы добуш бергем, – Жанар Акаев

Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Кыргызстандагы сөз эркиндиги: жаңы тобокелчиликтер” аталышындагы тегерек столдо сөз сүйлөп жатып билдирди.

  • «Мен үч окууда тең “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга каршы добуш бергем. Анткени бул мыйзам иштебейт. Ар бир адамды текшерип, таап чыгуу менен далилдеп бергенге Ишчки иштер министрлигинде мүмкүнчүлүк жок.
  • Ошондой эле техникалык жактан дагы мүмкүн эмес. Аталган мыйзамды күчүн жоготту деп табуу же мораторий киргизүү жөнүндө мыйзамды кабыл алуу сунушун окуп чыктым. Эгерде азыр киргизсек болгону 10 депутат колдойт»,-деди Акаев.