Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Гүлнара Баатырованын саламаттык сактоо министр кызматына дайындалышын колдоду.
Анын талапкерлигине 69 эл өкүлү “макул”, 1 депутат “каршы” добуш берди.
Баатырова ага көрсөтүлгөн милдетти так аткарарын убада кылды.
“Мага чоң жоопкерчилик жана милдет жүктөлдү. Мен муну жүрөгүмдүн тереңинде сезип турам. Мамлекет башчы жана сиздер көрсөткөн ишеничти чын ниетинмден так аткарарыма ишендирип кетем. Бүт күч-аракетимди жумшайм”, — деди Баатырова.