
Ош облусунун Араван районунда 8 жаштагы бала кутурма оорусуна шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Ал бала 5-сентябрда Аравандагы жалпы дарыгерлик практика борборуна жаткырылган. Анын абалы орто оор деп бааланууда.
Ата-энеси билдиргендей, август айынын аягында болжол менен 28-августта баланы мышык тытып алган.
Буга чейин Базар-Коргондо 72 жаштагы киши кутурмадан каза болгон.