
Кемин районунда жол кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болду.
Маалым болгондой, жол кырсык 26-августка караган түнү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун аймагында катталган. Чоң жүк ташуучу унаа менен “Субару Легаси” унаалары бетме бет кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 5 адам ошол жерде каза болгон. Алардын экөө аял, үчөө эркек. Каза болгондордун экөө жубайлар болгон. Жүк ташуучу унаада эки ада болгон.
Учурда жол кырсыктын чоо-жайы такталууда