Индиядан келген турист: “Кыргызстандын жаратылышы оозумду ачырды”

Кыргызстан индиялык туристтер үчүн перспективдүү жерлердин бири катары таанылды.  Бул тууралуу макаланы Индиянын популярдуу туристтик журналы Travel Turtle  жарыялады.

Анда индиялык журналист Кыргызстандын жаратылышынын кооздугун жана «кызыктуу көчмөн маданиятын», элинин меймандостугун жана кызыктуу улуттук ат оюндарын сүрөттөгөн.

«Улак тартыш» индиялык журналист Судипту Сахуга өзүнүн Болливуд тасмаларын укмуштуу окуялары менен эске салат. Ал эми Кыргызстандын айрым аймактарында жылкыны дагы деле транспорт катары пайдаланып келе жаткандыгы авторду кубандырган.

«Жергиликтүү тоолор жалкоо саякатчы үчүн да укмуштуудай жана жеткиликтүү», — дейт журналист.

Судипт Сах күн батканда боз үйгө киргенде сезген салттуу турак жайдын жылуулугуна жана жайлуулугуна суктанып, кыргыз боз үйүндө түнөгөндөгү таасирлери менен бөлүшкөн.

760x1024xc644f5bf 0566 4d3c a42b 8b1bea912ecc.jpg.pagespeed.ic.UZQaAReKOE Индиядан келген турист: "Кыргызстандын жаратылышы оозумду ачырды"
783x1024x8878e054 95f3 47f4 95a1 eb76ec966a76 1.jpg.pagespeed.ic.0Qd2EN7WqK Индиядан келген турист: "Кыргызстандын жаратылышы оозумду ачырды"
772x1024x5c2e7d12 1dd6 4f0b a346 6c2762b217e7 1.jpg.pagespeed.ic. Lkl6yQiHe Индиядан келген турист: "Кыргызстандын жаратылышы оозумду ачырды"