
Краснодарда Кыргызстандын жараны катышкан жол кырсык катталды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 16-августта 38 жаштагы айдоочу «Ford Mondeo» үлгүсүндөгү
унааны Гурийский—Черниговский—Рязанск унаа жолунда катуу ылдамдыкта айдап бара
жаткан.
Алдын ала маалыматтарга караганда, ал рулду башкара албай жолдун жээгине чыгып, 4 жөө адамды сүзгөн. Андан кийин каршы тилкедеги «Nissan Atlas» автоунаасы менен кагышкан.
«Кырсыктын кесепетинен 23 жана 15 жаштагы кыз, 4 жаштагы бала жана 7 айлык кыз жаракат алып, ооруканага жаткырылган. 17-августта 7 айлык кыз каза болгон», – деп айтылат маалыматта.
Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат