
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясынын борборду өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров шаарды натыйжалуу башкаруу, анын ичинде транспорттук, турак-жай-коммуналдык жана башка маселелерди чечүү максатында инновациялык технологияларды ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.
Мындан тышкары, ал борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен биргеликте «Алтын-Ордо» жаңы конушундагы мектептин курулушу, №20 мектептин имараты жана кошумча курулушу, ошондой эле №10 мектепти оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.