
Кыргызстандык спортчу Роман Петров Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында фехтование боюнча алтын байгеге ээ болду.
Финалдык беттеште ал азербайжандык спортчу менен кез келип, аны 15:12 эсебинде жеңип алган.
Учурда Ислам тилектештик оюндарында Кыргызстандын спортчулары 7 алтын, 6 күмүш жана 12 коло байге ала алды.