Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынды 

Бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн лидерлери Биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин бул документке кол коюшат.

Мамлекет башчылары ошондой эле көп тараптуу форматтардын алкагында Борбордук Азия мамлекеттеринин өз ара аракеттенүү концепциясын, Борбордук Азия үчүн “Жашыл күн тартиби” регионалдык программасын жана 2022-2024-жылдарга регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Жол картасын бекитүү чечимин кабыл алышты.

Мындан тышкары, Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери Аралды куткаруу эл аралык фондунун негиздөөчүсү болгон мамлекет башчыларынын Аралды сактоо эл аралык фондунун президенти катары Эмомали Рахмондун ыйгарым укуктарын узартуу чечимине кол коюшту.