Мамлекеттик кызматты сапаттуу жана өз убагында көрсөтүү максатында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын базасында бир жылдан ашык убакыттан бери туристтик-экологиялык милициянын call-борбору ачылган. Аталган борбор медицинадагы тез жардам кызматы сыяктуу бул аралыкта чет элдик туристтерге жана эс алуучуларга облустун аймагында ар кандай көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берип келүүдө. Ушундай кызмат көрсөтүү менен call-борбор – туристтик багытында чет элдик туристтердин келүүсү үчүн олуттуу аргумент катары өзүн көрсөттү.
Ар бир чет элдик турист же эс алуучу call-борбордун 0705009102 номуруна чалып, 4 тилде (кыргыз, орус, англис жана түрк) коопсуз эс алуу, аймакка багыт алуу жана башка туризм маселелери боюнча бардык керектүү маалыматты ала алат.
Жайкы туристтик сезон башталгандан бери Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын call-борборуна жетимиштен ашык эс алуучулар кайрылса, анын 32си чет элдик туристтер болуп саналат. Чет элдик туристтерди негизинен виза маселеси, айрым мейманканалардын жайгашкан жери жана тарыхый жерлерге баруучу каттамдар кызыктырды.
«Бир жыл мурун биздин практикада жаңы ыкма пайда болгон, ал Ысык-Көл облусунун туристтик аймак катары имиджин калыптандырууга багытталган. Анын негизги максаты – туристтик маршруттарда жана багыттарда укук бузуулардын алдын алуу үчүн гана эмес, ошондой эле чет элдик туристтер менен эс алуучулардын көйгөйлөрүн чечүү жана аларга көмөк көрсөтүү болуп эсептелинет», – деп белгилешти мекемеден.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы