Депутат Медер Алиев бүгүн, 29-июндагы жалпы жыйында сөз сүйлөп кесиптеши Адахан Мадумаровго нааразы болду.
«Өткөндө социалдык тармактын активдүү колдонуучусу жазыптыр циркке барсаң, төлөп киресиң ал эми Жогорку Кеңеште бекер шоу көрөсүң, депутаттарга да акча төлөш керек деген. Эми Адахан Кимсанбаевич эмне үчүн билип туруп шоу кылып жатасыз? Эми регламентте ушундай норма, буга чейин комитетте каралат, талкууланат бул жерге келет, өтөт…
Чынында регламентте туура эмес болуп калган, кайсы мыйзамга добуш берип жатасың билбей каласың. Бирок, Адахан Кимсанбаевич билип туруп, «элге жагынайын» деп туруп, бул жерде баардыгы акылсыздар олтургансып, жалгыз сабаттуу болгону өкүндүрбөй койбойт. Беш колдой билесиз. Жаңы регламентте ушул норманы киргиздик, эски норма менен иштеп жатканын билип туруп сиз атайын кылып атасыз. Ушул убакытка чейин чыдап келдим. Популизмдин да чеги болуш керек», — деди ал.