
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Убайдулла Сатимкулов Октябрь окуялары боюнча саясатчы Жеңиш Молдокматовду кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу актады.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочу Жеңиш Молдокматовду 9 жылга эркинен ажыратууну суранган.
Эскерте кетсек, Молдокматов 2020-жылдын май айында камакка алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2020-жылдагы октябрь окуялары учурунда массалык башаламандык уюштурган деп шектелген болчу.