
Бүгүн, 13-июнда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында соодагерлер кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө орнотууга каршы тынчтык митингге чыгышты. Топтолгондор кассалык аппаратты орнотуу талабын жокко чыгаруу менен бирге, эсеп-фактураны тапшырууну да жокко чыгарып, патентке өкөрүүнү талап кылышууда.

Митингге 100 гө чукул адам чогулган. Акциянын катышуучулары Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун өзү чыгып, алардын суроо-талаптарына жооп берүүсүн талап кылышкан.