
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Мьянманын курама командасын 2:0 эсеби менен утту.
Кыргыз футболчулары оюндун биринчи таймында 2 гол киргизди, экинчи таймда эсеп жаңыланган жок.
Оюн Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 21:00дө башталып, ага президент Садыр Жапаров күйөрмандык кылды. Ошондой эле беттешке курама команданы колдоп, жалпы 7522 жаран келди.
Мелдеште кыргызстандык футболчулар машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилигинде ойношту.