
Бүгүн, 9-июнь жалпы билим берүүчү орто мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасы өткөрүлүүдө.
Бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун, коомдук коопсуздукту ошондой эле жол коопсуздугун сактоо, алдын алуу жана ар кандай укук бузууларды болтурбоо максатында 300дөй милиция кызматкерлери тартылып, облустун бардык айыл аймактарында, жер-жерлерде кызмат кылууда.

Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн салтанатына Нарын ОИИБнын начальниги Алмазбек Жумабеков катышып, окуучуларга каалоо-тилек айтуу менен коопсуздуктарды сактоого, майрамдык отуруштарды уюштурбоого жана катышпоого чакырды.
Ошондой эле ар бир мектеп бүтүрүүчүлөрү милициянын көзөмөлүндө болуп, жер-жерлерде кызмат кылуушуда.


Нарын ОИИБнын Басма сөз кызматы