
УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан саясий серепчи Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилди.

Бул тууралуу Казакпаевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.
Маалыматка ылайык, Марат Казакпаев бүгүн, 9-июнда эртең менен ооруканага түштү.
«Тергөө камагында жаткан Марат Казакпаев «Тез жардам» кызматы менен №1 шаардык клиникалык ооруканага жеткирилди. Учурда инсульт алып комада жатат», — деп билдирди Айткулов.
Эске салсак, Казакпаев өткөн жылдын апрель айында кармалган. Ага карата КР Жазык кодексинин 307-беренеси («Мамлекеттик чыккынчылык кылуу») боюнча кылмыш иши козголгон.
Марат Казакпаев 55 жашта. Ал көбүнесе геосаясат жана жергиликтүү маселелер боюнча ЖМКларга пикирин айтып келет.