Баткен облусунун Кадамжай районунда коронавирус күчөп турган маалда иштеген медициналык кызматкерлерге азыркыга чейин компенсация төлөнө элек. Бул тууралуу 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова билдирди.
Анын айтымында, буга чейин ал ар кандай инстацияларга кат жөнөткөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги Каржы министрлиги тарабынан каражат бөлүнсө эле төлөп берүүгө даяр экенин билдирген.
“Бул маселени канчадан бери көтөрүп келем. Пандемия бүттү, бирок медициналык кызматкерлерге убадаланган компенсация төлөнүп бериле элек. Бул уят да. Мен 60 жолу Министрлер кабинетине кат жаздым, бир аз каражат бөлүп, төлөп берип койсо болот да”, — деди депутат.