Борбор калаада 6- түрк тасмалары жумалыгынын саамалыгы 16-20-июнда өтөт

16-20- Июнь күндөрү тасмаларын көрүүчүлөргө тартуулайт.

WhatsApp Image 2022 06 09 at 13.34.52 1 Борбор калаада 6- түрк тасмалары жумалыгынын саамалыгы 16-20-июнда өтөт

Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министрлигинин салымы жана Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен “Йерли Дүшүнже/ Жергиликтүү ой пикир” коому тарабынан уюштурулуп жаткан 6- түрк тасмалары жумалыгынын Кыргызстан саамалыгы 2022-жыл 16-20-июнда Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте өткөрүлөт.

Кино жана басма сөз тармагынан көптөгөн кишилердин катышуусунда 2022- жыл 16-июнда өткөрүлө турган 6-Түрк тасмалары жумалыгынын Кыргызстан саамалыгынын  бет ачары Россия кинотеатрында «Арноо – Ыйык күрөш» тасмасын көрсөтүү менен ишке ашырылат.

Боордош өлкө Кыргызстан менен Түркиянын арасында кинонун күчүнө

негизделген дагы бир көпүрөнү курууну көздөгөн Түрк тасмалары жумалыгында

кесипкөй режиссерлордун сыйлык алган эмгектери менен бирге кино сүйүүчүлөрүнүн

кызыгуусун жараткан популярдуу тасмалары да жалпы көрүүчүлөрдүн назарына

сунулат. Ошондой эле бул мыкты фильмдер аркылуу түрк киносуна сереп салууга

“панорамалык” мүмкүнчүлүк жаратылат.

2022- жылдын 16-20-июнь күндөрүндө өткөрүлүп жаткан «Түрк тасмалары жумалыгы -Бишкек саамалыгында; «Арноо – Ыйык күрөш», «Сүйүү айттырбай келет», «Үнсүз дарак», «Ичимдеги каарман» жана анимациялык «Стамбулдун сакчылары» аттууфильмдер кино сүйүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт. Өзгөчө бул жумалыктын алкагында кино көрсөтүүлөрдөн кийин искусство адамдары менен көрүүчүлөрдүн ортосунда жолугушуу мүмкүнчүлүгү жаратылат. Кыргыз-түрк Манас университетинин

студенттери менен түрк киносу боюнча баарлашуу өткөрүлөт. Саамалыктын алкагында

Түркиядан келген режиссерлер, актерлер жана продюсерлер менен Кыргызстандык кино актерлорунун арасында жолугушуулар менен катар орток эмгектер жаратуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана баарлашуулар ишке ашырылат.

Катышуучулар

Metin  Gündoğdu – АК партия армиясынын орун басары – Жергиликтүү ой коомунун төрагасы

Celan Al – Актер – Дирилиш – Осмон Осмон

Serdar Deniz –  Актер – Арноо

Faysal Soysal – Режиссёр –  Үнсүз дарак

Sinan Sertel – Режиссёр – Ичимдеги каарман

Öner Kılıç – Режиссёр – Түрк тасмалары жумалыгынын башкы координатору

Көрсөтүлө турган фильмдер:

1. Арноо – Ыйык күрөш

2. Сүйүү айттырбай келет

3. Үнсүз дарак

4. Ичимдеги каарман

5. Стамбулдун сакчылары (анимациялык фильм)

WhatsApp Image 2022 06 09 at 13.34.51 2 Борбор калаада 6- түрк тасмалары жумалыгынын саамалыгы 16-20-июнда өтөт
WhatsApp Image 2022 06 09 at 13.34.52 Борбор калаада 6- түрк тасмалары жумалыгынын саамалыгы 16-20-июнда өтөт
WhatsApp Image 2022 06 09 at 13.34.51 1 Борбор калаада 6- түрк тасмалары жумалыгынын саамалыгы 16-20-июнда өтөт
WhatsApp Image 2022 06 09 at 13.34.51 Борбор калаада 6- түрк тасмалары жумалыгынын саамалыгы 16-20-июнда өтөт