Борбордо 20 жаштагы бала сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2-июнь күнү Бишкек шаарынын Т.Д. аттуу тургуну белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Жабырлануучунун айтымында ошол эле күнү саат 02:20 чамасында Түштүк-2 кичи районунда жайгашкан үйүнүн кире беришинде белгисиз адамдар денесине залал келтирип, андан кийин белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.